45-берене. Мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызматты токтотуу
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Кызматты токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) кызматчыны өз каалоосу боюнча бошотуу;
2) кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын демилгеси боюнча бошотуу;
3) кызматчыны тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча бошотуу.
2. Кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотуу жетекчи тарабынан ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү жол-жоболорду аткаргандан кийин жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын алмашуусу административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларды кызмат ордунан бошотуу, төмөндөтүү, ротациялоо үчүн негиз болуп саналбайт.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-45" title="45-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>