47-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48
1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайра уюшулганда;
2) ээлеген кызмат орду кыскартылганда;
3) төмөнкү негиздердин бири болгондо ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндө:
а) ал анын тарабынын бири болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди жасабаганда;
б) ушул Мыйзамда белгиленген учурларды копшогондо, жеке өзү ишкердик иш менен алектенгенде;
в) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иштегенде;
г) Этика кодексинин талаптарын, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бир нече жолу жана одоно бузганда - этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча;
д) кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация бербегенде же болбосо билип туруп так эмес же толук эмес маалыматтарды бергенде;
е) башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жаап-жашырганда;
ж) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экени жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды бергенде;
4) кызматчыны мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызмат менен сыйышпаган кызмат ордуна шайлаганда же дайындаганда;
5) кызматчы ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде:
а) баалоонун натыйжалары менен бышыкталган квалификациясынын жетишсиздигинде;
б) сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн учурда;
б) кызматчы эмгек тартибин төмөнкүдөй одоно бузганда:
а) ишке келбей койгондо (жумушчу күнүнүн ичинде жүйөлүү себепсиз 3 сааттан ашык жумуш ордунда болбогондо);
б) кызмат орду боюнча мүлктү уурдоо, жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бүлдүрүү жасаганда;
в) ишке алкоголдук, баңгизат же башка токсикалык мас абалында келгенде;
г) кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон мыйзам менен корголуучу сырларды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгарганда;
д) эгерде анда мурда жоюлбаган жана алынбаган тартиптик жаза бар болсо, кызматчы ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече жолу аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
е) мыйзамда же кызматтык нускамаларда түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, саясий партияларды, диний уюмдарды түзгөндө, катышканда же кандайдыр бир формада ишине көмөк көрсөткөндө;
ж) мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук болгон иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурганда же катышканда;
7) ушул Мыйзамдын 21 жана 22-беренелеринде каралган милдеттерди жана чектөөлөрдү сактабоо фактылары белгиленгенде;
8) кызматчы мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергенде;
9) эгерде аткаруучу кызмат орундук милдеттер мамлекеттик сырга жол берүүнү талап кылса, мамлекеттик сырга жол берүүнү токтоткондо;
10) ушул Мыйзамда каралган учурларда ротациялоо тартибинде которулуудан баш тартканда;
11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
12) мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта туруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген чектик курака жеткенде;
13) Бишкек же Ош шаарынын мэри "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аны бошотууга сунуштама бергенде;
14) Бишкек же Ош шаардык кеңеши "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишенбөөчүлүк көрсөткөндө.
2. Кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруусунун чектик курагы 65 жашты түзөт.
3. Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
1) анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда;
2) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.
4. Патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин алмашуусуна байланыштуу кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
5. Кызматчы ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын демилгеси боюнча иштен бошотулганда, көрсөтүлгөн орган 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
6. Кызматчыны ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылганда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.
7. Эгерде кызматчынын макулдугу менен аны башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу же болбосо штаттык кызмат ордун кыскартуу негиздери боюнча иштен бошотууга жол берилет.
8. Кызматчыны убактылуу ишке жөндөмсүз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (органды кайра уюштуруунун же штатын кыскартуунун негизинде иштен бошотууну кошпогондо) аны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт.
9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка жерде жайгашкан ведомстволук караштуулуктагы же башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда, бул түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларын бошотуу мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу учурлары үчүн каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
12.04.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…же чет мамлекеттин жарандыгын алганда; 12) мамлекеттик кызматта кошулду: жана муниципалдык кызматта туруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген чектик курака жеткенде; 13) … кайра уюштуруу учурлары үчүн каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. кошулду: (КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-мартындагы"Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Решение · 06.03.2019
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 токтому менен бекитилген)Положение · 29.12.2016 · № 707
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 542 (Сакиев Э.Э. жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.09.2019 · № 542
- КР Президентинин 2020-жылдын 3-июнундагы № 51 (К.К. Алышбаев жөнүндө) буйрукуРаспоряжение · 03.06.2020 · № 51
- КР Президентинин 2018-жылдын 13-февралы ПЖ № 36 "М.Абдылдаев жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.02.2018 · № 36
- КР Президентинин 2018-жылдын 15-майындагы ПЖ № 120 "М.М.Арабаев жөнүндө" жарлыгыУказ · 15.05.2018 · № 120
- КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ N 226 "Н.А.Касымбеков жөнүндө" ЖАРЛЫГЫУказ · 12.11.2018 · № 226
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 23.03.2018 · № 151
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз…Положение · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-47" title="47-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>