Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
95-берене. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн тартиби
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 19-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн календардык планын эске алуу, ушул Кодекстин талаптарын сактоо менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер белгилеген тартипке жана мөөнөттөргө ылайык түзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 15-июлунан кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү жиберет:
1) бюджеттик процесстин календардык планын;
2) жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча усулдук сунуштамаларды;
3) жалпы мамлекеттик кирешелердин суммасынын болжолун;
4) жалпы мамлекеттик кирешелерден жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн болжолдуу ченемдерин;
5) бюджеттер аралык трансферттердин көлөмүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан түзүлгөн жана жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү бюджеттин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен берилет.
4. Республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдеринин жана такталган көлөмдөрүнүн долбоорлорун, бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 күндүн ичинде жиберет.
5. Жергиликтүү бюджеттердин такталган долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү кеңештердин кароосуна жана бекитүүсүнө ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык маалымат алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде киргизет.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары кирешелерди башкаруунун жыйынды планын түзүү жана мамлекеттик бюджетти кассалык аткаруу үчүн кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасы менен жергиликтүү кеңештердин чечимдерин бюджеттик классификация форматында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2018 года № 69 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 45-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда…Распоряжение · 30.01.2026 · № 45-т
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 94 "2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбоорун макулдашуу жана 2025-2026-жылдарга пландуу мезгил жөнүндө"…Постановление · 05.10.2023 · № 94
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 58 "Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2025 · № 58
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 61/XV-29 "Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2027-2029-жылдарга киреше жана чыгаша болжолун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2026 · № 61/XV-29
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-августундагы № 65/XVI-29 "Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көбөйүшү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.08.2026 · № 65/XVI-29
- Беловодск айылдык кеңешинин 2019 жылдын 22 январындагы № 78 («Бюджет боюнча кирешелер проектинин орто мөөнөттүү божомолун 2020-2022 жылга бекитүү жөнүндө») токтомуПостановление · 22.01.2019 · № 78
- Беловодск айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-августундагы № 136 "2024-2026-жылдарга бюджет боюнча кирешелер долбоорунун орто мөөнөттүү болжолдуу бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.08.2023 · № 136
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 февраля 2018 года № 76 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении…Постановление · 02.02.2018 · № 76
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-95" title="95-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>