96-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан республикалык бюджеттин каралышы
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 20-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2022 года № 2
1. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республика бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун ушул Кодекстин талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Парламенттик фракциялар жана Жогорку Кеңештин комитеттери:
1) мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин жана Улуттук банк менен Эсептөө палатасынын төрагаларынын карамагына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угат;
2) мамлекеттик жашыруун сырды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жетектеген багыттар боюнча республикалык бюджеттин корутундусун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;
Тармактык комитетти кошпогондо, республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин фракцияларында жана туруктуу комитеттеринде кароо республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңешке тапшырылган учурдан тартып 20 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш.
3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:
1) жалпылоо үчүн алар жетектеген багыттар боюнча фракциялардын жана комитеттердин кортундуларын карайт;
2) Министрлер Кабинетини Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин жана комитеттеринин төрагаларынын катышуусу менен Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин сунуштарын эске алуу менен кеңейтилген жыйналыш өткөрөт;
3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт;
4) фракциялардын жана комитеттердин корутундуларын эске алуу менен корутундусу бар республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кароо долбоор Жогорку Кеңешке тапшырылган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде аяктоого жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өтүүгө тийиш;
5. Жогорку Кеңештин комитеттери жана фракциялары тарабынан республикалык бюджеттин белгилүү бир чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда милдеттүү тартипте чыгашалардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштар киргизилет жана/же кошумча чыгашаларды каржылоонун конкреттүү булактары белгиленет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
96-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.05.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…республикалык бюджеттин каралышы
1. Кезектеги бюджеттик жылга жана алынып салынды: болжолдонгон кошулду: пландуу мезгилге республика бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун … боюнча фракциялардын жана комитеттердин кортундуларын карайт;
2) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинетини Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин жана … кошумча чыгашаларды каржылоонун конкреттүү булактары белгиленет.
кошулду: (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-96" title="96-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>