Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры № 58
Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин 3-бөлүгүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелер боюнча 32 773 370,7 миң сом, чыгашалар боюнча 32 773 370,7 миң сом суммасында долбооруна макулдук берилсин.
2. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1 жана 2-тиркемелерге ылайык аныкталсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала параметрлер боюнча түзүлгөн 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана иивестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б. Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59