79-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:
1) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырууну камсыз кылышат;
2) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүшөт жана жергиликтүү кеңештер бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылышат;
3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду жергиликтүү кеңештердин кароосуна беришет;
4) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашырышат;
5) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча бюджеттик ссудаларды/насыяларды берүүнү/тартууну жүзөгө ашырышат;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштаманы жана бюджет аралык трансферттерди алуунун зарылдыгы жөнүндө негиздемени даярдашат, алардын пайдаланылышы боюнча отчеттуулукту, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетту жана башка маалыматты беришет;
7) бул каражаттарды алуучулар боюнча бюджеттер аралык трансферттердин максаттуу пайдаланылышынын натыйжалуулугун камсыз кылышат;
8) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт;
81) өз ишинин чөйрөсүндө ички контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;
9) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
79-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 72 "Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу үчүн эски полигонду…Постановление · 27.09.2022 · № 72
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 49 "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын бюджетинен бюджеттик кредит берүүгө макулдук берүү жөнүндө"…Постановление · 29.09.2022 · № 49
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 14 "Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына…Постановление · 12.07.2024 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-79" title="79-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>