Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Башат айылдык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу» токтому
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлундагы № 14
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесинин 3-пунктуна,Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилитүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 54-беренесинин 4-пунктуна жана Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 13- отурумунун протоколунун чечиминин негизинде, Ак-Башат айылдык кенеш токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу маалымат эске алынсын.
2. Төмөнкү иштерге айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн сметалар бекитилсин:
-стоматологиялык кабинетти оңдоо-152,5 миң сом; -балдар ойночуу аянтчасын куруу- 1109,4 миң сом; -кичи футбол аянтчасын оңдоо-1776,0 миң сом; -автотранспортторду сатып алуу үчүн биргелешип каржылоого-1056,0 миң сом; -Новониколаевка айылындагы маданият үйүнүн фасадын оңдоо-1479,1 миң сом;
- Западная көчөсүнүн узундугу 450 метр жолуна асфальт төшөө -2533,0 миң сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
Н.О. Садыкова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59