Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын бюджетинен бюджеттик кредит берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябры № 49
«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын бюджетинен бюджеттик кредит берүүгө макулдук берүү жөнүндө
«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын иш-аракеттерин жандандыруу үчүнколдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна, 79-беренесинин 5-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджетинен «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына 30 000,0 миң сом суммасында бюджеттик кредит берүүгө макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
1) төмөндөгү шарттарда кредиттик келишим түзсүн:
2025-жылдын 15-апрелинен тартып 2032-жылдын 15-октябрына чейин текши төлөмдөр менен негизги карыз боюнча карызды жоюу; жылына эки жолу негизги карыз жана бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар боюнча карызды жоюунун мезгилдүүлүгү; 0,1 жылдык пайыз - бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюму; кечиктирген карыздын суммасына эсептеленүүчү 0,5 жылдык пайыз -финансылык санкциялар;
2) «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы тарабынан ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу
Ж.А. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59