71-берене. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) бюджеттик-каржылык саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгат жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берет;
3) республикалык бюджет жөнүндө, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун түзөт жана аларды кароо үчүн Министрлер Кабинетине берет;
4) секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегияларын иштеп чыгуу процессин, ошондой эле бюджет ресурстарынын администраторлорунун жана бюджеттик процессти жүзөгө ашырууда бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн, тескөөчүлөрдүн жана алуучулардын ишин координациялайт;
5) бюджеттик процессти, мамлекеттик сатып алуулар тутумун, ички контролдоо тутумун, ички аудит тутумун кошуп алганда, мамлекеттик каржыларды башкарууну усулдук камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
6) жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын баалоону жүргүзөт, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аныктайт;
7) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн, тескөөчүлөрдүн жана алуучулардын бюджеттик табыштамаларды түзүү эрежелерин белгилейт;
8) бюджеттик процессти жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган маалыматтарды берүүнүн тизмегин, форматын жана тартибин аныктайт;
9) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык, чегерүүлөрдүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда жалпы мамлекеттик кирешелерди бөлүштүрөт;
10) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин ортосунда алардын түшүүлөрүн жана бөлүштүрүлүшүн эсепке алуу үчүн, алар боюнча колдонулуучу айыптарды жана пайыздарды кошуп алганда, салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн төлөнгөн/өндүрүп алынган ашык суммаларын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кайтарып берет;
11) өнүгүүгө расмий жардамдарды ишке ашырууну пландаштырат жана каржылык мониторинг жүргүзөт (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча);
12) өнүгүүгө расмий жардамдарды координациялоону жүзөгө ашырат (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча);
13) мамлекеттик ички жана тышкы карызды болжолдойт жана аны талдоону жүзөгө ашырат;
14) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат;
15) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат;
16) бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берет;
17) бюджеттик мекемелердин улуттук, чет өлкөлүк валютада ушул Кодексти бузуу менен жүргүзүлгөн операцияларын токтотуп туруу жөнүндө чечимди бюджеттик уюмдарга жана коммерциялык банктарга жиберет;
18) ушул Кодексте каралган учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндөгү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн, алуучуларынын ачылган эсептер боюнча операциялар токтотулуп турат;
19) Бирдиктүү казыналык эсепте болгон бюджеттик каражаттар менен операцияларды Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте башкарат;
20) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткарууну кассалык тейлөө тартибин ушул Кодекске ылайык белгилейт;
21) ресурстар администраторлорунун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарынын башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын эсептерин бекитилген тартипте ачат жана операцияларын эсепке алууну жүргүзөт;
22) ресурстар администраторлорунун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын башкы тескөөчүлөрдүн, тескөөчүлөрдүн, алуучулардын жыйынды реестринин жүргүзөт;
23) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
24) республикалык бюджетти аткаруунун кассалык планын түзөт жана жүргүзөт;
25) Бирдиктүү казыналык эсепте ресурстардын администраторлорунун, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын кассалык киреше жана чыгаша операцияларын жүзөгө ашырат;
26) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин кассалык аткарылышы боюнча операцияларынын эсебин жүргүзөт;
27) Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (республикалык жана жергиликтүү) бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берет;
28) бюджеттерди аткаруу боюнча жол-жоболордун сакталышына ички контролду жүзөгө ашырат;
29) бухгалтердик отчеттуулукту кабыл алууну, талдоону жана бириктирүүнү жүзөгө ашырат;
30) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү, ошондой эле ички аудит жана ички контролдоо боюнча ишти координациялайт;
31) мамлекеттик башкаруу секторунун каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсебинин жана каржы отчеттуулугунун ченемдик укуктук, усулдук базасын өркүндөтөт;
32) корпоративдик төлөө карталарынын эмитенти укугу менен Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөө тутумдарында түздөн-түз катышуучусу катары катышат;
33) республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер протоколдорун даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
331) валюталык своп-операцияларды жүзөгө ашырат;
34) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
71-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бюджеттик процессти, мамлекеттик сатып алуулар тутумун, алынып салынды: каржылык башкаруу жана кошулду: ички контролдоо тутумун, ички аудит тутумун кошуп алганда, мамлекеттик … тескөөчүлөрдүн, алуучулардын жыйынды реестринин жүргүзөт;
23) алынып салынды: артыкчылыктарды жана программалык иш-чараларды эске алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга кошулду: (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык алынып салынды: аларды квартал боюнча бөлүштүрүү менен башкы тескөөчүлөргө, тескөөчүлөргө жана алуучуларга бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерин жиберет;
кошулду: күчүн жоготту)
24) республикалык бюджетти аткаруунун кассалык планын түзөт жана … кабыл алууну, талдоону жана бириктирүүнү жүзөгө ашырат;
30) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бюджеттик мекемелеринин жана мамлекеттик сатып алынып салынды: алуулардын кошулду: алуулар чөйрөсүндөгү, ошондой эле ички аудит алынып салынды: кызматтарынын ишин координациялоо кошулду: жана ички контролдоо боюнча алынып салынды: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат;
кошулду: ишти координациялайт;
31) мамлекеттик башкаруу секторунун каржылык отчеттуулуктун эл аралык … протоколдорун даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
кошулду: 331) валюталык своп-операцияларды жүзөгө ашырат;
34) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № алынып салынды: 2 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2019 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 "Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 19.06.2023 · № 305
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 839 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын…Постановление · 26.12.2025 · № 839
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги # 346-т (Өзгөчө кырдаалга, өзгөчө абалга чара көрүүгө жана кесепеттерин жоюуга жана жабыр тарткандарга…Распоряжение · 25.04.2025 · № 346-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 262 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 03.06.2019 · № 262
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 "Мамлекеттик инвестицияларды…Постановление · 14.08.2023 · № 405
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы…Постановление · 16.07.2025 · № 416
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби…Постановление · 01.11.2017 · № 723 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 08.10.2019 · № 529 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык…Постановление · 11.03.2022 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 725 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуПостановление · 27.10.2026 · № 725 · Күчүнө кире элек
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №135 токтомуПостановление · 11.03.2022 · № 135
- КР Министрлер Кабинетинин 19.06.23 ж. №305 токтомуПостановление · 19.06.2023 · № 305
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 токтомуПостановление · 01.11.2017 · № 723
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 "Кыргыз…Постановление · 27.01.2025 · № 41 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.04.2025 · № 77
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-71" title="71-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>