72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) каржылык аудитти жана натыйжалуулук аудитин жүргүзүүдө төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:
а) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин жана бухгалтердик отчеттуулуктун аткарылышына;
б) мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча ресурстардын администраторлорунун ишине;
в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын абалына жана башкарылуусуна;
г) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкарууга;
д) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын ишине;
е) бюджеттик каражаттарды алуучулардын - менчик же менчиктин башка түрүндөгү юридикалык жактардын берилген бюджеттик каражаттарга карата ишине;
ж) Улуттук банктын "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына ылайык келишине;
з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка каржы-насыялык уюмдарды;
и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына;
2) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторго карата корутундуларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берет;
3) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;
4) бюджеттик мыйзамдардын жана каржылык тартиптин табылган бузууларын четтетүү боюнча аткарууга карата милдеттүү болгон жазма эскертүүлөрдү жиберет;
5) ушул Кодекстин 93-беренесинин жоболоруна ылайык бюджеттин долбоорун түзөт;
6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берилген бюджеттик каражаттарга карата ишине;
ж) Улуттук банктын алынып салынды: Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгына;
кошулду: "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына ылайык келишине;
з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка алынып салынды: насыялык-каржы мекемелерди;
кошулду: каржы-насыялык уюмдарды;
и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына;
2) республикалык … ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № алынып салынды: 2 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 2, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>