25-берене. Резервдик фонддор
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы), ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун түзүү каралат.
2. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү бекитилген/такталган республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 пайызынан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда).
Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам менен бекитилет.
3. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин Төрагасынын тийиштүү чечими менен аныкталат. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат квартал сайын тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.
4. Резервдик фонддордун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгашаларды каржылык камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат.
5. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;
2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ишин чагылдырууга;
3) мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акыларын төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
6. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетко тиркелет жана милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун пайдалануу тууралуу маалымат Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен кварталдык отчетко тиркелет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү кошулду: бекитилген/такталган республикалык бюджеттин алынып салынды: бекитилген чыгашаларынан кошулду: жалпы чыгашаларынын ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 алынып салынды: пайыздан кошулду: пайызынан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда).
кошулду: Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик алынып салынды: администрация кошулду: администрациялардын башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө алынып салынды: тийиштүү кошулду: тиешелүү мыйзам менен бекитилет.
3. Резервдик фонддордун каражаттарын … менен кварталдык отчетко тиркелет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № алынып салынды: 2 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (28)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын…Порядок · 15.02.2022 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө…Указ · 05.08.2022 · № 272
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө…Положение · 31.01.2019 · № 33
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 03-июнундагы № 277 (Акча каражаттар бөлүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 03.06.2019 · № 277
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 5- июлундагы № 365 (Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.07.2019 · № 365
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 691 (Акча каражат бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.09.2019 · № 539
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 561 (Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы учүн сыйлолор жана акча каражаттарды бөлуп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 26.09.2019 · № 561
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 23-июлундагы № 390 (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.07.2019 · № 390
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 98-т (Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары үчүн резервдик фонддордун каражаттарын…Распоряжение · 07.03.2023 · № 98-р
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 26-августундагы № 446 (Акча каражат бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 26.08.2019 · № 446
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30-июлундагы № 393 (Акча каражатарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 30.07.2019 · № 393
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 29-августундагы № 480 (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 29.08.2019 · № 480
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30-августундагы № 500 (Акча каражаттарды бөлүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 30.08.2019 · № 500
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 3-октябрындагы № 576 (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнундө) буйругуРаспоряжение · 03.10.2019 · № 576
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 303 (Волкодав Александр Сергеевичке бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 15.04.2022 · № 303
- КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ N 272 Жарлыгына)Положение · 05.08.2022 · № 272
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 5- февралындагы № 44 "Акча каражаттарды бөлүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 05.02.2019 · № 44
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы №723 (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтому…Распоряжение · 25.12.2019 · № № 723
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 714 (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын…Распоряжение · 18.12.2019 · № 714
- Кыргыз Репсубликасынын 2019-жылдын 30-декабрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №…Распоряжение · 30.12.2019 · № 741
28 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>