Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 272 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 5-августу ПЖ № 272 Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун чыгымдарын карасын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ N 272 Жарлыгына)Положение · 05.08.2022 · № 272
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 30.01.2024 · № 12
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021