Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры №613
2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету эске алынсын.
2. 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча
иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетсин;
2) 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткарууда бузууларга жана кемчиликтерге жана өткөн жылдардагы аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткарбоого жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын;
3) 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын иштеп чыксын, бекитсин;
4) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен 2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
5) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59