2-берене
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "башчылары," деген сөздөн кийин "жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "жана" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт белетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн.";
2) 6-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жайыт комитетинин төрагасы тиешелүү айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат.";
3) 10-берененин 7-бөлүгүндө "ошол жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеши шарт" деген сөздөр "учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбестен. Мөөнөтү өткөн төлөмдүн жалпы өлчөмүнө ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн туум кошулуп эсептелинет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-берененин 3-бөлүгүндө "үлүшүн түзүүчү бөлүгү" деген сөздөр "жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын төлөмүн эске алуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 11-ноябрындагы №IX/V "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жайыт…Постановление · 11.11.2017 · № IX/V
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-февралындагы № 11-2 "Көк-Жар жайыт пайдалануучулардын 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2018 · № 11-2
Беренеде аталган актылар (1)
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111335/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>