5-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү чектөөлөр
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 1-глава
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) текшерүүлөрдү жүргүзүү процессинде муниципалдык кызматкерлердин өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук түзүүгө;
2) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузууга;
3) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылууга;
4) эгерде текшерүүнүн предметине кирбесе, документтерди, маалыматтарды берүүнү, объекттерди, мүлктү карап чыгууну талап кылууга, ошондой эле мындай документтердин түп нускаларын алып коюуга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндөгү маалыматтарды топтоого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жайылтууга;
7) эгерде мыйзамдарда белгиленген милдеттүү талаптардын сакталышын текшерүү текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирбесе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мындай талаптарды аткаруусун текшерүүгө;
8) арыз берүүчүнүн маалыматтары (фамилиясы, ысымы, жашаган жеринин дареги) көрсөтүлбөгөн, анонимдүү арыз менен демилгеленген пландык же пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга;
9) текшерүү жүргүзгөндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан акчалай формада жазапулдарды жана башка төлөмдөрдү тикелей алууга. Бардык эсептешүүлөр тийиштүү эсептешүү эсептери жана кредиттик-кассалык мекемелер аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш;
10) текшерүү жүргүзгөндүгү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан кандайдыр-бир сый акы талап кылууга же алууга;
11) текшерүү жүргүзгөндө айкындалган мыйзам бузуунун болуу фактысын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүү үчүн негиз катары пайдаланууга;
12) ушул Мыйзамда каралбаган текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибине жана жол-жоболоруна тиешеси бар кошумча талаптарды белгилөөгө.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-5" title="5-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>