Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдардын жоопкерчилиги
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 4-глава
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана анын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, укукка сыйбаган аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө текшерүүнүн натыйжалары тастыкталбагандыгы текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууда күнөөлүү кызмат адамдарына карата кабыл алган чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү.
4 Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же болбосо алардын кызмат адамдары тарабынан укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын бузган, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин талаптагыдай жүзөгө ашырбоонун натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына келтирген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ошол кызмат адамдары тарабынан толтурулууга жатат. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын кошулду: кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 2. Сот тартибинде … каралган тартипте ошол кызмат адамдары тарабынан толтурулууга жатат. кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-27" title="27-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>