26-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын мамлекеттик коргоо
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 4-глава
1. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын коргоо администрациялык жана (же) соттук тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Текшерүүчү кызмат адамынын аракеттери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, прокуратура органына же түздөн-түз сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттерине жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү тууралуу укуктук актыларына карата прокурордук реакция жасоо актысын кабыл алуу тууралуу өтүнүч менен прокуратура органдарына кайрылууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аракеттери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери кошулду: административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын кошулду: мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу … тууралуу өтүнүч менен прокуратура органдарына кайрылууга укуктуу. кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-26" title="26-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>