28-берене. Корутунду жоболор
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 4-глава
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:
1) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашуунун механизмин иштеп чыксын;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсебин прокуратура органдары тарабынан жүргүзүүнүн тартибин кабыл алсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 13-апрелинде № 31 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу…Постановление · 12.04.2017 · № 215
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1618-VI "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу…Постановление · 25.05.2017 · № 1618-VI
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин…Постановление · 11.10.2021 · № 208
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-28" title="28-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>