11-берене. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кабарлоо
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 2-глава
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бул текшерүү жүзөгө ашырылуучу күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына пландык текшерүү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо шартында пландык текшерүүнү жүзөгө ашырат.
2. Контролдук текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр тийиштүү текшерүү жүзөгө ашырылуучу күнгө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоо шартында жүзөгө ашырылат.
3. Пландан тышкаркы текшерүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиленген тартипте прокуратура органы менен макулдашылган жазуу жүзүндөгү чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына берген күнү жүзөгө ашырылат.
4. Пландык текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарлоосунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) текшерүүнү жүзөгө ашыруунун башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы;
2) иши текшерилүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана жайгашкан жери;
3) текшерүүнүн предмети, негиздөөсү жана түрү;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүктүн) аталышы;
5) текшерүүчү кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы, инициалдары.
5. Кабарлоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен тапшырык кат же телефонограмма түрүндө жөнөтүлөт же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же жооптуу кызмат адамына кол койдуруп алуу менен тапшырылат.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары текшерүүнү жүзөгө ашыруу тууралуу кабарлоону ушул беренеде белгиленген тартипте албаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын текшерүүнү жүзөгө ашыруусуна жол бербөөгө укуктуу.
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-11" title="11-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>