10-берене. Кайра текшерүү
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 2-глава
1. Кайра текшерүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы пландык жана пландан тышкаркы текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогондо;
2) жаран же юридикалык жак анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арызы боюнча жүргүзүлгөн пландык же пландан тышкаркы текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогондо.
Жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арызы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жарандын же юридикалык жактын бул текшерүүнүн натыйжаларына карата жогору турган ыйгарым укуктуу органга даттануусу кайра текшерүү үчүн негиз болуп саналат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттанууну ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде кароого жана даттанууну кароонун натыйжалары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жаранга же юридикалык жакка кабарлоого милдеттүү.
3. Кайра текшерүү ушул Мыйзамда пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр үчүн каралган тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
4. Кайра текшерүүнү жүргүзүүдө пландык, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн бардык маселелери боюнча текшерүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат. Пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн натыйжаларында көрсөтүлгөн даттанылган маселе гана кайра текшерилүүгө жатат.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мурда текшерүү жүргүзгөн, анын натыйжасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы даттанган кызмат адамынын кайра текшерүү жүргүзүшүнө жол берилбейт.
6. Жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра текшерүү жүргүзүүдөн баш тарткан учурда же кайра текшерүүнүн натыйжасына макул болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы пландык, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн натыйжалык актысын сотко даттанууга укуктуу.
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-10" title="10-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>