Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 2-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды айкындоо, алдын алуу жана ага бөгөт коюу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
2. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар айкындалганда текшерүүчү органдын кызмат адамы мыйзамдардын бузулган ченемин актыда көрсөтүүгө, ошондой эле мыйзамдардын көрсөтүлгөн ченемин бузуунун предметин жана маңызын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечмелеп берүүгө милдеттүү.
3. Пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Контролдук текшерүү пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө айкындалган мыйзам бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан четтетилгенин аныктоо максатында гана жүргүзүлөт жана ушул милдеттин алкагынан чыкпоого тийиш.
4. Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө белгилүү болгон мыйзам бузуулар четтетилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таасир көрсөтүүнүн ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген чараларын аныктайт.
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-12" title="12-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>