14-берене. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79
1. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылган күндөн тартып башталат.
2. Пландык текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 20 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кошумча чечими (тескемеси, буйругу, жазма эскертүүсү) менен бир жолу узартылат.
3. Пландан тышкаркы текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 10 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кошумча чечими (тескемеси, буйругу, жазма эскертүүсү) боюнча пландан тышкаркы текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылат.
4. Контролдук текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 5тен ашпаган жумушчу күндү түзөт.
5. Текшерүүнүн бүткөрүлгөн мөөнөтү деп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) көрсөтүлгөн текшерүүнүн бүткөрүлүш датасы эсептелет. Эгерде текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акт чечимде (тескемеде, буйрукта, жазма эскертүүдө) көрсөтүлгөн текшерүү датасы бүткөнгө чейин тапшырылса, жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тапшырылган дата текшерүү бүткөрүлгөн күн деп эсептелет.
6. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин текшерүү жүргүзүүгө жол берилбейт. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына андан ары текшерүүнү жүзөгө ашырууга жол бербейт.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кошумча чечими (тескемеси, буйругу, жазма эскертүүсү) менен бир жолу алынып салынды: узартылышы мүмкүн.
кошулду: узартылат.
3. Пландан тышкаркы текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүргүзүүнүн … жүргүзүү мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу алынып салынды: узартылышы мүмкүн.
кошулду: узартылат.
4. Контролдук текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 5тен ашпаган жумушчу … органдын кызмат адамына андан ары текшерүүнү жүзөгө ашырууга жол алынып салынды: бербөөгө укуктуу.кошулду: бербейт.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-14" title="14-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>