Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 15-апрели № 43 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 4-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 10-пункту "жашаган жеринен" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо турган жеринен" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
б) 2-бөлүгүндө "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) каза болгондо.";
4) 13-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "туруктуу жашаган жерин" деген сөздөр "жашаган жерин же болбосо турган жерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35(3107) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
Шилтеме берет (1)
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214