5-берене. Жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумушсуз же жумуш издөөчү катары кайрылган жарандарды каттоо жашаган жери же болбосо турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан, жумушсуз төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жеке кайрылганда жүзөгө ашырылат:
1) паспортун;
2) эмгек китепчесин же анын дубликатын;
3) анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтерин.
Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесипке (адистикке) ээ болбогон жарандарды каттоо жашаган, жүргөн же кайрылган жери боюнча паспортун жана билими жөнүндө документин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
21. Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында ылайыктуу жумуш табуу максатында төмөнкүлөр каттала албайт:
- иштеп жаткан, ошондой эле эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн жарандар;
- жаш курагы боюнча пенсионерлер.
Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында ылайыктуу жумуш табуу максатында төмөнкүлөр каттала алышат:
- бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар;
- пенсия курагына чейинки пенсионерлер жана кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу, уюмдарды кайра уюштурууда жана жоюуда бошонуу жөлөкпулун жана компенсацияларды алуу үчүн бошотулган иштеп жаткан пенсионерлер;
- 0,05 гектардан көп өлчөмдөгү өзгөчө баалуу жерлери бар жарандар;
- окуу жайларында күндүзгү бөлүмдө окуган жаштар.
3. Жарандарга алар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат.
(КР2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 апреля 2020 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
09.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
алынып салынды: 2-1. кошулду: 21. Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында ылайыктуу жумуш табуу … алуу үчүн бошотулган иштеп жаткан пенсионерлер;
- 0,05 гектардан алынып салынды: ашык кошулду: көп өлчөмдөгү алынып салынды: сугат жерден айыл чарба багытындагы жер участокторун алган кошулду: өзгөчө баалуу жерлери бар жарандар;
- окуу жайларында күндүзгү бөлүмдө окуган жаштар.
3. … № 178, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № алынып салынды: 61 кошулду: 61, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна)Порядок · 12.04.2016 · № 208
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 11.01.2021 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга…Постановление · 22.05.2024 · № 261
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111258/st-5" title="5-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>