Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүн жоготкон · 22.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 17-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат.".
2. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-10-бөлүктөр менен толукталсын:
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйым алынат. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйым алуудан бошотулат:
- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган жактарга акысыз таратууга, же болбосо ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүүгө арналган товарларды ташыган;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон.
Кыргыз Республикасында катталган, коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыз кылуу максатында пайдаланылуучу жүк ташуучу транспорт каражаттары, автобустар, өрттөн коргоо кызматынын ишин, медициналык тез жардамды жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жол жана жол инфратүзүмүн колдонуу жана техникалык тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары жолдо жүрүү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат. Ушул статьянын сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын жол жүрүү үчүн жыйым төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 22.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111255/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>