25-берене. Административдик иштерди жүргүзүү жана эсепке алуу
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 4-глава
1. Административдик жол-жобо козголгон учурдан тартып администрациялык орган аталган административдик жол-жобону жүзөгө ашырууга тиешелүү бардык документтер, анын ичинде административдик жол-жобону жүзөгө ашыруунун натыйжасында кабыл алынган административдик акт (анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) сакталган административдик иш ачат.
2. Иштерди, аларды эсепке алуунун журналдарын жүргүзүүнүн, административдик актыларды эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген типтүү жобонун негизинде администрациялык орган тарабынан белгиленет.
3. Иштер иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдар менен белгиленген эрежелерге ылайык сакталат жана мыйзам менен белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилүүгө жатат.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 110 "Административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу…Постановление · 26.02.2018 · № 110
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 110 токтомуПостановление · 26.02.2018 · № 110
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-25" title="25-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>