Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-февралы № 110 Административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу Административдик жол-жоболорду ишке ашырууда мамлекеттик кызматчылардын аракеттеринин тартибин, ошондой эле административдик иштерди жана административдик актыларды каттоо журналын жүргүзүүнүн тартибин аныктоо максатында, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча координациялоочу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар:
- административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби жөнүндө ведомстволук жоболорду белгиленген тартипте бекитишсин;
- административдик жол-жоболорду автоматташтыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери ушул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышары белгиленсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 31 января 2018 года № 74 "Об утверждении Плана мероприятий Правительства Кыргызской Республики на 2018 год по реализации Программы Правительства…Постановление · 31.01.2018 · № 74 · Күчүн жоготкон