17-берене. Анык (рыноктук) наркка камсыздандыруу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча турак жайдын камсыздандыруу суммасы көбөйтүлүшү мүмкүн, бирок ал турак жайдын анык (рыноктук) наркынан ашпоого тийиш. Турак жайдын анык (рыноктук) наркы жана камсыздандыруу сый төлөмү мындай учурда камсыздандыруучунун жана ыктыярдуу камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат жана ыктыярдуу камсыздандыруунун өзүнчө келишими түзүлөт.
2. Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркына барабар суммада болсо, камсыздандыруу толук деп эсептелет. Мындай учурда камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн камсыздандырып ордун толтурууну төлөө шарттарына ылайык аныкталган көлөмдө жүргүзүлөт.
3. Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркынан төмөн болсо, камсыздандыруу толук эмес деп эсептелет. Мындай учурда келтирилген зыян турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркынан камсыздандыруу суммасына карата пропорционалдуу түрдө төлөнөт.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-17" title="17-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>