9-берене. Көз каранды эмес эксперттер
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 2-глава
1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча карама-каршылыктар болгондо, тараптар макулдашууга жетише албаган учурда камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же болбосо камсыздандыруучу тарабынан көз каранды эмес эксперттер тартылат.
2. Автотранспорт каражаттарын тейлөө жана оңдоо, кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик жана жеке менчик дарылоо мекемелери, соттук-медициналык экспертиза органдары, медициналык-санитардык эксперттик комиссиялар жана башка компетенттүү жактар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көз каранды эмес эксперт болуп саналат.
3. Көз каранды эмес эксперттер милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата тең укуктуулук, бейтараптуулук жана калыстык принциптерине негизденүү менен 15 календардык күндүн ичинде жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан, жабырлануучунун, пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн көз каранды эмес эксперт өзүнүн ишин жүргүзүү укугун ырастаган документтерге ээ болууга жана маалыматтын аныктыгы жана баалоо актысынын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартууга тийиш.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-9" title="9-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>