10-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттери
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Автотранспорт каражаттарынын ээлери автотранспорт каражаттарын пайдаланууда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигинин тобокелдигин өз эсебинен камсыздандыруучу катары камсыздандырууга милдеттүү.
2. Автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатына ээлик кылуу укугу пайда болгондон кийин (аны менчикке сатып алса, анын ичинде автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугун берген ишеним кат алса, чарба жүргүзүү үчүн же ыкчам пайдаланып турууга же болбосо башка мыйзамдык негизде алса) 5 жумуш күндүн ичинде өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыз кылууга жана андан кийин ушул Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликти туруктуу камсыздандырууга милдеттүү.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-10" title="10-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>