Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтарды Автоматташтырылган маалыматтык борборго берүү
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 2-глава
1. Автоматташтырылган маалыматтык борбор түзүлгөн ар бир камсыздандыруу келишими жөнүндө, камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн көлөмү жөнүндө, камсыздандыруу окуялары жөнүндө, мүлк жана ден соолук боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммалары жөнүндө, камсыздандырып ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө, жабырлануучунун, пайда табуучунун жөнгө салынбаган дооматтары жөнүндө, ар бир транспорт каражаты боюнча, менчик ээсинин алмашкандыгы жөнүндө, ишеним кат боюнча транспорт каражаттарын башкарууга укуктуу адамдар жөнүндө, болгон жол-транспорт кырсыктары, жол-транспорт кырсыктарына катышуучулар жана жабырлануучулар жөнүндө маалыматтар базасын камтыйт.
2. Автоматташтырылган маалыматтык борбор камсыздандыруу субъектилеринин ортосундагы милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтардын базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткарган, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесинин алдындагы коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлөт.
3. Автоматташтырылган маалыматтык борбор анын маалыматтар базасындагы маалыматтык ресурстарды түзүүдө жана алууда камсыздандыруучулардын катышуусуна бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
4. Автоматташтырылган маалыматтык борбордун кызматкерлери өздөрү берген маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.
5. Автоматташтырылган маалыматтык борборду түзүүнүн, иштетүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-8" title="8-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>