Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Тикелей жөнгө салуу
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Камсыздандыруу окуясы болгон учурда жабырлануучу жана (же) пайда табуучу камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн, күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси бар болгон шартта, жабырлануучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн тикелей камсыздандыруучуга кайрылууга укуктуу.
2. Жабырлануучуга жана (же) пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган бардык документтерди алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүзөгө ашырат.
3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырган камсыздандыруучу өзүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн, күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамды камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылат.
4. Тикелей жөнгө салуу төмөнкүдөй шарттар сакталганда жүзөгө ашырылат:
1) жабырлануучуда жана күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси болсо;
2) жол-транспорт кырсыгы Кыргыз Республикасынын аймагында болсо, анын натыйжасында мүлккө гана зыян келтирилсе;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу укугуна лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында катталган камсыздандыруу уюмдарында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылса.
5. Тикелей жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-18" title="18-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>