17-берене. Жабырлануучунун, пайда табуучунун укуктары
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
Жабырлануучу жана (же) пайда табуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келип чыккан камсыздандыруу окуясынын башталгандыгы, мында камсыздандырылуучуга зыян келтирилгендиги тууралуу камсыздандыруучуга, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине билдирүүгө;
2) камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл документтерди камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруучу үчүн топтоону жүргүзүүгө;
3) мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттердин кызматын пайдаланууга;
4) зыяндын өлчөмүн баалоонун жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучудан алууга;
5) ушул Мыйзамдын шарттарына ылайык камсыздандырып ордун толтурууну алууга;
6) камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруудан баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
7) кепилдик төлөмдөрдү алуу үчүн Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине кайрылууга;
8) камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талап коюлгандан кийин жана талап коюу учурунда жабырлануучу билбеген, өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн зыян келтирген жактын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылууга;
9) алынган камсыздандырып ордун толтуруунун суммасынан ашкан сумманын өлчөмүндө келтирилген зыяндарды төлөп берүү жөнүндө талапты автотранспорт каражатынын ээсине коюуга.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-17" title="17-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>