11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 3-глава
1. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражаттарынын ээлери тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, камсыздандыруучулар менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар камсыздандыруучу менен түзүлүшү керек.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучуга камсыздандыруучунун камсыздандыруу полисин берүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт. Камсыздандырылуучунун арызы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө негиз болуп саналат.
4. Камсыздандыруу полисинин бланкы так отчеттуулуктун документи болуп саналат. Камсыздандыруу полисинин бланктарын каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
5. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ал күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
Камсыздандыруу коргоосун колдонуу мезгили милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнө дал келет.
6. Милдеттүү камсыздандыруу келишими тараптардын макулдашуусу боюнча бир жылдан аз, бирок 5 күндөн кем эмес мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
7. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздандырылуучу төмөнкүдөй документтерди камсыздандыруучуга берет:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызды;
2) паспортту, аскердик билетти, айдоочунун күбөлүгүн (эгерде камсыздандырылуучу жеке жак болсо);
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өтүшү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде камсыздандырылуучу юридикалык жак болсо);
4) автотранспорт каражаттарын каттоону жүргүзгөн орган тарабынан берилген автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндө документти (автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндө күбөлүк, техникалык паспорт же техникалык талон, же болбосо ушул сыяктуу документтер);
5) автотранспорт каражаты башка адамга катталган учурда автотранспорт каражатына ээлик кылуу укугун ырастоочу документти (ошол автотранспорт каражатын ээликтен ажыратуу укугун берген ишеним катты);
6) автотранспорт каражатын башкарууга жол берилген адамдын айдоочулук күбөлүгүн же айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсүн (эгерде автотранспорт каражатын башкарууга айрым адамдарга гана жол берилген шартта милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлсө).
8. Тараптардын макулдашуусу боюнча камсыздандырылуучу ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө зарыл болгон документтердин нотариустук күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө укуктуу.
9. Чет мамлекетте катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу пайдаланылып жаткан автотранспорт каражатынын ээси жана (же) айдоочусу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөндө ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1, 2, 4-6-пункттарында каралган документтерди берет.
10. Милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө 3 календардык күндүн ичинде камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
11. Кийинки мезгилдерге милдеттүү камсыздандыруу келишимдери түзүлүп жатканда автотранспорт каражатынын ээси камсыздандыруу жөнүндөгү маалыматтарды камсыздандыруучуга берет жана алар милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын эсептөө учурунда камсыздандыруучу тарабынан эсепке алынат.
12. Эгерде камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин камсыздандырылуучунун же жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун абалын ушул Мыйзамда каралганга салыштырмалуу начарлатуучу шарттарда түзсө, камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун жана жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун алдында ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда милдеттенмелерди аткарат.
13. Камсыздандыруучу камсыздандырычуучуга эки тарап тең кол койгон камсыздандыруу полисин, милдеттүү камсыздандыруунун эрежесин, алардын камсыздандырылуучуга берилгендиги жөнүндөгү күбөлүк менен кошо, камсыздандыруу полисине жазуу жолу менен берет.
14. Камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) олуттуу шарттарына төмөнкүлөр кирет:
1) камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун фамилиясы, ысымы, ата ысымы, фирмалык аталышы, дареги;
2) менчик ээсинин, автотранспорт каражатын башкара турган айдоочулардын фамилиясы, ысымы, ата ысымы, алардын ишеним каттарынын колдонулуу мөөнөтү;
3) камсыздандыруу объектиси;
4) камсыздандыруу аймагы;
5) камсыздандыруучу тарта турган тобокелдиктер;
6) камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) колдонуу мезгили;
7) камсыздандыруу суммасы, анын ичинде:
а) жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик лимити;
б) жабырлануучулардын мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик лимити;
8) камсыздандыруу сый төлөмүнүн суммасы, ал төлөнүүчү жер жана төлөө тартиби;
9) камсыздандыруу полиси берилген күн;
10) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун жана (же) автотранспорт каражатын башкара турган адамдардын аракеттеринин тартиби.
15. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же бул келишимди түзгөндө берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүнү камсыздандырылуучудан алганда камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизет.
16. Түзүлүүчү милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябрындагы N 4-р "жаран Т.И.Иманкуловдун кайрылуусуна байланыштуу "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин…Решение · 21.09.2016 · № 04-р
- Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы N 257 токтомуна)Правила · 19.05.2020 · № 257
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111236/st-11" title="11-берене - Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>