1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-статья менен толукталсын:
"65-1-статья. Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-аклактык өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактабоо, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке чейинки, кызмат адамдарына - бештен онго чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн жүз элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалганда, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон он бешке чейинки, юридикалык жактарга - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 506-статьянын 3-пунктунда "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 510-статьяда:
аталышында жана текстинде "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын; статья "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.
4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.
5. 584-статьянын 6-бөлүгүндө "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111230/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>