Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
85-статья
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын: "Кызмат адамдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоону регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды бузуусу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет."; глава төмөнкүдөй мазмундагы 85-2-статья менен толукталсын: "85-2-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеке реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуудан баш тартуусу Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеке реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуудан баш тартуусу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосун администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - ээлеген кызмат ордунан четтетүү түрүндө администрациялык жаза-чарасын салууга алып келет.".
3. 20-главада:
глава төмөнкүдөй мазмундагы 212-1-статья менен толукталсын: "212-1-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын темир жол транспортуна жетүүгө жана пайдаланууга укуктарын бузуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын темир жол транспортуна жетүүгө жана пайдаланууга укуктарын бузуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин айып түрүндө, кызмат адамдарына - ээлеген кызмат ордунан четтетүү түрүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө айып түрүндө администрациялык айып салууга алып келет."; глава төмөнкүдөй мазмундагы 213-10-статья менен толукталсын: "213-10-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу жана автовокзалдарга, автостанцияларга жана автокассаларга жетүү эрежелерин бузуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу жана автовокзалдарга, автостанцияларга жана автокассаларга жетүү эрежелерин бузуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; глава төмөнкүдөй мазмундагы 252-1-статья менен толукталсын: "252-1-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу эрежелерин бузуу, ошого тете алардын аба транспортунан пайдалануу укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу эрежелерин бузуу, ошого тете алардын аба транспортунан пайдалануу укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 33-главада:
глава төмөнкүдөй мазмундагы 470 жана 470-1-статьялар менен толукталсын; "470-статья. Коомдук, администрациялык-турмуш тиричилик, өнөр-жайлык, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууда, реконструкциялоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк жөнүндө талаптарды сактабоо Коомдук, администрациялык-турмуш тиричилик, өнөр-жайлык, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууда, реконструкциялоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк жөнүндө талаптарды сактабоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга жол берилген бузууну четтетүү менен - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө жана ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга - жол берилген бузууну четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111197/st-85" title="85-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>