470-1-статья. Көп квартиралуу турак үйлөрдү курууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарын сактабоо
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Көп квартиралуу турак үйлөрдү курууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарын сактабоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - жол берилген бузууну четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө жана ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга - жол берилген бузууну четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып алып келет."; глава төмөнкүдөй мазмундагы 475-1-статья менен толукталсын: "475-1-статья. Бүткөрүлгөн курулуш объекттеринин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарына ылайыктуулугун баалоонун эрежелерин бузуу Бүткөрүлгөн курулуш объекттеринин жана кыймылсыз объекттердин өзгөрүүлөрүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарына ылайыктуулугун баалоонун тартибин бузуу, ал эми ошого тете ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн белгиленген жеткиликтүүлүк талаптарына ылайык келбеген объекттерге оң баа берүү, - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Курулуш объектинин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө так эмес кабарландыруу (билдирүү) берүү, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга жол берилген бузууну четтетүү менен - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 508-статьянын 1-бөлүгү "79", 85-1" жана "213-5-статьянын экинчи бөлүгү," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "79-1", "85-2," деген цифралар жана "213-10-статьясында," деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
6. 511-статьянын үчүнчү абзацы "212," деген цифралардан кийин "212-1," деген цифралар менен толукталсын.
7. 514-статьянын 1-бөлүгү "85-1," деген цифралардан кийин "85-2," деген цифралар менен толукталсын.
8. 516-статьянын 1-бөлүгү "213-8," деген цифралардан кийин "213-10," деген цифралар менен толукталсын.
9. 517-статьянын 1-бөлүгү "212," деген цифралардан кийин "212-1," деген цифралар менен толукталсын.
10. 518-статьянын 1-бөлүгү "252," деген цифралардан кийин "252-1," деген цифралар менен толукталсын.
11. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында:
сегизинчи абзацы "79," деген цифралардан кийин "79-1," деген цифралар менен толукталсын; он биринчи абзацы "85-1," деген цифралардан кийин "85-2," деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
470-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111197/st-470-1" title="470-1-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>