8-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы компетенциясы
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июля 2016 года № 99
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;
2) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;
3) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык:
1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамда же келишимде жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоого багытталган акча каражаттарын жыл сайын карайт;
3) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;
4) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-8" title="8-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>