22-берене. Каалабаган кош бойлуулукту алдын алуунун хирургиялык ыкмасын пайдалануу укугу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 января 2019 года № 5
1. Каалабаган кош бойлуулукту алдын алуунун хирургиялык ыкмасын (хирургиялык стерилдештирүүнү) өз ыктыяры менен колдонуу укугуна нике курагына жеткен жарандар ээ болот.
2. Хирургиялык стерилдештирүү жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы менен бул операциянын болбой койбостугу жөнүндө алдын ала милдеттүү түрдө билдирүү менен гана жасалышы мүмкүн.
3. Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү шарттары менен тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Хирургиялык стерилдештирүүнүн белгиленген тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2019-жылдын 15-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-22" title="22-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>