Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-12.
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 15-январы № 5 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 5-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 983-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолукту коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын кызыкчылыктуу жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталган.";
3) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттыгы сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-январындагы N 4 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндөЗакон · 04.07.2015 · № 148 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндөЗакон · 04.07.2015 · № 148 · Күчүн жоготкон