14-берене. Коопсуз кош бойлуулукка укук
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Аялдар кош бойлуулукка даярданууга, кош бойлуу кезинде ден соолугун коргоого, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн ден соолугуна, түйүлдүктүн жана жаңы төрөлгөн баланын ден соолугуна болгон тобокелди азайтуу ыкмаларын колдонуу аркылуу медициналык жардам алууга, төрөткө чейин жана төрөттөн кийин мамлекет тарабынан социалдык колдоого укуктуу.
2. Кош бойлуулук мезгилинде ар кандай медициналык кийлигишүү аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Кош бойлуу аялдын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайларда, аялдын абалы өз эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, чечим саламаттыкты сактоо уюмунун тийиштүү адистери тарабынан кабыл алынат.
3. Аял кош бойлуулукка, боюнан алдырууга мажбурландырылбайт. Мындай аракеттерди аялга зордук көрсөтүү катары кароо керек.
Аялды буга мажбур кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-14" title="14-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>