Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Жашы жете электердин репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы укуктары
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Жашы жете электер өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын сактоо жана коргоо, ошондой эле сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жана укук, үй-бүлөлүк жашоого даярдануу жаатындагы маалыматтарды жана билимдерди алууга укуктуу.
2. Билим берүү уюмдары жашы жете электердин маалыматтарга жана сексуалдык билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жооптуу.
3. Жашы жете электердин жаш курагына жараша муктаждыктарын эске алуу аркылуу саламаттыкты сактоо органдары менен биргеликте иштелип чыккан жана бекитилген программалар боюнча окутуу жүргүзүлөт. Окутууга тийиштүү даярдыгы бар адистер тартылат.
4. Саламаттыкты сактоо уюмдары жашы жете электердин сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатындагы маалыматка жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн жооптуу.
5. Үй-бүлөдө жашы жете электердин сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу үчүн жоопкерчиликти ата-энелер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү алышат.
6. Маалымат жана консультация берүүнү кошпогондо, 16 жашка толо элек адамга сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу чөйрөсүндө медициналык кийлигишүү жашы жете электин жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
7. Жашы жете электерге сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-13" title="13-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>