1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 января 2019 года № 5
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) көмөкчү репродуктивдик технологиялары - пациенттин кош бойлуу болушуна багытталган бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык баскычтары болочок эненин организминен тышкары өтө турган медициналык технологиялардын, дарылоо ыкмаларынын жана жол-жоболорунун жалпы аталышы;
2) карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар менен жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонууга же түйүлдүктү салууга жана аны төрөлгөнгө чейин көтөрүп жүрүүгө макулдугун берген аялдын ортосундагы макулдашуу;
3) салуу - уруктандырылган жумуртка клеткасын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;
4) инсеминация - уруктандыруу максатында эркектин урук клеткаларын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;
5) маалымдоо - кандайдыр бир сунуштамаларсыз, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жөнүндө жалпы маалыматтарды жана (же) билимдерди берүү;
6) контрацепция - каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу ыкмалары жана каражаттары;
7) медициналык кийлигишүү - конкреттүү пациентке карата дарыгер же болбосо башка медициналык кызматкер тарабынан аткарылуучу алдын алуу, диагностикалык, дарылоо, реабилитациялоо же изилдөө багытындагы ар кандай текшерүү, дарылоо же консультация;
8) жасалма уруктандыруу ыкмалары - организмден тышкары бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык этаптарын жана түйүлдүктүн алгачкы өнүгүүсүн жүзөгө ашырууда колдонулуучу тукумсуздукту дарылоо ыкмалары;
9) жашы жете элек - 18 жашка толо элек бала;
10) пациент - тиешелүү медициналык документтерди тариздөө менен саламаттыкты сактоо уюмдары, же болбосо жекече иш алып баруучу медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүүчү адам;
11) үй-бүлөнү пландаштыруу - жарандардын белгилүү бир санда бала төрөөнүн жана тарбиялоонун, алардын төрөлүшүнүн ортосундагы аралыкты сактоону аң-сезимдүү тандап алуусуна, ошондой эле жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоого багытталган социалдык, медициналык жана укуктук чаралар тутуму;
12) жыныстык клеткалар - эркектин жыныс клеткалары (сперматозоиддер) жана аялдын жыныс клеткалары (жумуртка клеткалары);
13) репродукция - тукумун арбытып көбөйтүү;
14) репродуктивдик ден соолук - адамдын тукумун арбытып көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоочу дене бой, психикалык ден соолугунун жана анын социалдык бакубаттуулугунун бүтүндөй абалы;
15) репродуктивдик укуктар - жарандардын тукумун улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеси бар же никеси жок бала төрөө (төрөтүү) же бала төрөөдөн (төрөтүүдөн) баш тартуу, бойго бүтүрүү жана бала төрөө ыкмалары туурасында чечимдерди эркин кабыл алууга, ошондой эле бул чөйрөдө медициналык-социалдык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга карата укуктары;
16) сексуалдык ден соолук - зордуктоонун, басмырлоонун же мажбурлоонун элементтери жок болгон адамдын коопсуз жыныстык турмушту алып баруусун аныктоочу дене бой, психикалык жана социалдык жактан бакубаттуулугу;
17) сексуалдык билим - репродуктивдик ден соолугунун маселелери боюнча ишенимдүү жана илимий жактан негизделген маалыматтарды берүүчү жана репродуктивдик тутумунда чечим кабыл алууга, баарлашууга жана ооруп калуу коркунучун азайтууга байланыштуу көндүмдөрдү өнүктүрүүчү билимдер;
18) сексуалдык укуктар - эркиндик, ар-намыс жана теңчилик принциптерине негизделген адам укуктарынын ажырагыс бөлүгү;
19) карын энелик - карын эненин жана балага ата-эне боло турган адамдардын ортосундагы келишим боюнча баланы боюнда көтөрүп жүрүү жана төрөө ичине камтылган көмөкчү репродуктивдик технологиялардын түрү;
20) карын эне - карын энелик келишим боюнча анын генотибин алып жүрбөгөн баланы боюнда көтөрүп жүрүп, төрөгөн аял;
21) хирургиялык стерилдештирүү - натыйжасында адам тукум улоо кудуретинен ажыратыла турган хирургиялык кийлигишүү;
22) экстракорпоралдык уруктандыруу - сперматозоид менен жумуртка клеткаларын аялдын организминен сырткары кошуудан, мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон түйүлдүктүн өнүгүүсүнөн жана андан кийин ошол түйүлдүк жатынга жалгаштырыла турган репродуктивдик технологияларынын көмөкчү түрү.
1-1. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолукту коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын кызыкчылыктуу жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталган. (КР 2019-жылдын 15-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 января 2019 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации"Редакцияларды салыштыруу
15.01.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жалгаштырыла турган репродуктивдик технологияларынын көмөкчү түрү. кошулду: 1-1. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолукту коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын кызыкчылыктуу жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталган. (КР 2019-жылдын 15-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июлундагы № 350 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.07.2018 · № 350 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-февралындагы № 59 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 11.02.2016 · № 59 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111191/st-1" title="1-берене - Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>