234-3-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 511-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "212," цифраларынан кийин "213-9," цифралары менен толукталсын.
6. 516-статьяда:
1-бөлүктө:
- "213-1 - 213-6" цифралары "213-1 - 213-4, 213-6 - 213-8" цифралары менен алмаштырылсын;
- бөлүк "234," цифраларынан кийин "234-2, 234-3-статьяларында," деген цифралар жана сөз менен толукталсын;
2-бөлүктө:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төртүнчү абзацтагы "облустук" деген сөз "башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "213-5-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаны колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:
- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана орун басары;
- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык салмак-габариттик контролдоо пункттарынын начальниктери;
- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мобилдүү топторунун улук кызматкерлери.".
7. 564-статьянын 8-пунктчасы "режим бузулганда" деген сөздөрдөн кийин "жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 567-статьянын 4-бөлүгү "жол кыймылынын коопсуздугуна" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
234-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111148/st-234-3" title="234-3-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>