213-9-статья. Жеңил таксилер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Жүргүнчү жана жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоочу белгилемелердин болбошу - айдоочуга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Автобекеттер жана автостанциялардын аймактарынан тышкаркы жерлерден жүргүнчүлөрдү жеңил таксилер менен шаар аралык жана эл аралык каттамдарда ташуу (диспетчердик кызматтын буйрутмасы боюнча ташуудан тышкаркы) - айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 234-2 жана 234-3-статьялар менен толукталсын:
"234-2-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
213-9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111148/st-213-9" title="213-9-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>