4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 20.06.2022 редакциясы
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: видеобайкоо - бул укук бузууларды автоматтык түрдө белгилөө жана ушул Мыйзамда каралган учурларда кийин пайдалануу үчүн сактоо максатында көрүнүштөрдү визуалдуу контролдоого же автоматтык түрдө талдоого арналган оптикалык-электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен жүзөгө ашырылуучу процесс; оператор - видеобайкоону иштетүүнү уюштуруучу жана (же) жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, муниципалдык орган, юридикалык же жеке жак; жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) - конкреттүү адамга окшоштурулган же конкреттүү адамга окшоштурулушу мүмкүн болгон конкреттүү адам жөнүндө материалдык булакта жазылган маалымат, ал ушул адамдын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрүнө мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо аркылуу аны тикелей же кыйыр идентификациялоого мүмкүндүк берет. Жеке маалыматтарга өмүр баяны жана таанылуучу маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлө абалы, каржылык абалы, ден соолугунун абалы жөнүндө жана башка маалыматтар кирет; сырткы видеобайкоо тутуму (мындан ары - СВБТ) - кийин кайра көрүү, угуу мүмкүнчүлүгү менен көрүнүштөрдү жана үндү жазуу үчүн жабдуу; үчүнчү жактар - СВБТ объектинин менчик ээсинен, жетекчисинен, операторунан башка бардык жактар.
Берененин тексти 20.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111146/st-4" title="4-берене - Сырткы видеобайкоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>