5-берене. Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн белгилөө жана өзгөртүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик чек ара Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жаткан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленет жана өзгөртүлөт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Мамлекеттик чек араны белгилөө Мамлекеттик чек араларды делимитациялоону, демаркациялоону, кайра демаркациялоону өзүнө камтыйт.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Мамлекеттик чек ара төмөнкүдөй белгиленет:
1) кургак жерде - мүнөздүү чектер, рельефтин багыттары же даана көрүнгөн ориентирлер боюнча (тоолуу райондордо сөзсүз тоолордун суу менен бөлүнүшү, кыркалары боюнча);
2) дарыяларда - алардын ортосу боюнча же дарыянын башкы нугунун ортосу боюнча;
3) көлмөлөрдө - Мамлекеттик чек аранын көлмөнүн жээктерине чыккан жерлерин бириктирген түз тилке боюнча;
4) суу сактагычтарда, гидротүйүндөрдө жана башка жасалма көлмөлөрдө - алар толтурулганга чейин Мамлекеттик чек ара өткөн жерлерге ылайык;
5) чек ара дарыялары аркылуу өтүүчү темир жол жана автомобиль жолдорунун көпүрөлөрүндө, плотиналарда жана башка курулмаларда - Мамлекеттик чек аранын сууда өтүшүнө карабастан, ал курулмалардын ортосу же алардын технологиялык огу боюнча.
4. Чек ара тилкесинде, анын ичинде чек ара дарыяларында мүмкүн болуучу ар кандай табигый өзгөрүүлөр Мамлекеттик чек ара тилкелеринин өтүшүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келбейт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 2
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 845 "2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 08.12.2015 · № 845 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>