Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы мамлекеттик тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана саясий, укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, экологиялык, техникалык, ыкчам, аскердик жана башка чаралардын тутумун төмөнкүлөр боюнча жүзөгө ашыруудан турат:
1) Мамлекеттик чек аранын белгиленген өтүшүн укукка каршы, зомбулук менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагындагы участокторду чектеш мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө боюнча;
2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген Мамлекеттик чек арада укуктук мамилелердин юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышын, ошондой эле Мамлекеттик чек араны, Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуунун белгилерин жана фактыларын табуу жана бөгөт коюу өбөлгөлөрүн камсыз кылуу боюнча.
2. Мамлекеттик чек араны түздөн-түз кургак жерде, чек ара боюндагы дарыяларда жана башка көлмө-сууларда кайтаруу Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; аба мейкиндигин кайтаруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына жүктөлөт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>