49-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууда өз ара аракеттенүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү аларга жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарууда бири-бирине маалымдоону жүзөгө ашырат;
2) Мамлекеттик чек арада өз күчтөрүнүн жана Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан же Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарын козгогон ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан), мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
3) Мамлекеттик чек араны кайтарууда чектеш мамлекеттердин тиешелүү органдары менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери аркылуу белгиленүүчү тартипте ведомстволор аралык мүнөздө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын биргелешкен аракеттерин координациялоо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-49" title="49-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>