Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
50-берене. Жеке жана юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттери жана укуктары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар белгиленген Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режимин сактоого, көмөк көрсөтүүгө жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Мамлекеттик чек ара режиминин, чек ара режиминин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режиминин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик чек араны кайтарууга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
Мамлекеттик чек араны кайтарууга жарандарды тартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Мамлекеттик чек араны кайтарууга белгиленген тартипте катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин социалдык жана укуктук коргоосуна укуктуу.
3. Чек арага чектеш аймактарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Мамлекеттик чек араны кайтарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башка компетенттүү органдарга көмөк көрсөтүүгө, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
4. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөктөшүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-50" title="50-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>